Урматтуу Токтогул районунун жарандары! В вирусттук гепатити (ВГВ)- боорду жабыркатуучу кооптуу жугуштуу оору. Ал оорулуу адамдын каны, корголбогон жыныстык катнаш, энеден балага төрөт учурунда жугушу мүмкүн. ВГВдан коргонуунун эң ишенимдүү жолу эмдөө. Эмдөө коопсуз жана натыйжалуу болуп, оорунун оор кесепеттеринен, анын ичинен боордун циррозу жана боордун рагынан сактайт. Бүгүнкү күндө мамлекеттик денгээлде 2023жылдан тартып 23жаштан-65 жашка чейин акысыз тесттирлөө жана эмдөө жүргүзүлүүдө. Өзүңдү жана жакындарыңызды коргоңуз- өзүңүздөрдүн учаскаңыздардагы үц-бүлөөлүк дарыгерлерге кайрылып ВГВга каршы эмдөөдөн өтүңүз. Токтогул РОААжМСЭКБ.