

Шаурма жана кыргыз гамбургери жонундо акыйкат Урматтуу мекендештер, туугандар!!! Төмөндөгү сөздү жазып койсомбу же бирөөнүн соодасына кийлигишкен боломбу деп коп ойлондум, акыры айтууну туура көрдүм. 10 чакты адамдын кызыкчылыгынан, миңдеген адамдар ден соолугунан ажырап жатат. Бизде шаурма, гамбургер көп жерге ачылып кетти. Шаурманын эти кайдан келет десеңиздер толугураак малымат берейин. Бишкекте жана Ошто атайын фарш менен иштегендер бар, алар Кыргызстан боюнча фарш жеткизип беришет. Этти алып Ош базардан, тагыраагы түнкү базар болот саат где-то 3 төрдө башталат. өлгөн малдын этин 80 сомдон 150 сомго чейин сатышат. Кээ бир эттер сасып кеткендиктен жанына туруш кыйын, аларды өздөрүнүн жайына алып барышып, сөөгүнөн ажыратып мясорубкадан 3-4 жолу өткөрүшөт, каңырсыгы башкасы билинбей калат, жыт кетирчү заттарды да кошулуп, 10 килограмм фаршка 3 килограмм окорочка кошулат, фарш агарыш үчүн, татымалдарын баарын кошуп шаурма апараттын шиштерине илишет. 10,15,20,25,30 килограмм кылып аны тондуруп, болгон региондорго сатышат. Килограмы 200-250 сомго чейин. Бизде Ошто сатылып жаткан шаурмалар дагы ошол эттен. Эгер таза эт менен жасалса сатылып жаткан шаурма 150-200 сом менен араң өзүн актайт. Ошол себептен жебеңиздер!!! Болбогон нерсени таратпай ушул билдирүүнү тараткыла!!! Азыр кандай жаман ооруларга чалдыгып жатышат, айрыкча жаш балдар. Биздин мамлекетибиздин боор оору, бөйрөк жана эндокринология оорулары ошондон болуп атат. Улутубузду жоготуп алуу коркунучунун бирден бир себеби ушулар. Оору мындай дарылардан айыгып кетпейт, ошол оорута турган нерселерди пайдаланбай койсоңуз оорубайсыз. Маани берип окуп койгула туугандар!